Садыр Жапаров 12-октябрда Ош облусу боюнча Чек ара кызматынын башкармалыгы жайгашкан № 2024 аскер бөлүгүнүн комплексин расмий ачты. Андан кийин ал аскер кызматкерлери менен бирге ашканада түшкү тамакты жеди.
Мамлекет башчысына жуманын ар бир күнүнө карата түзүлгөн менюнун үлгүлөрү көрсөтүлдү. Президент биринчи тамакка борщ, экинчиге гречка кошулган котлет, десертке алма жеди.
Сапар учурунда Садыр Жапаров спорт залды, чек ара даңкы музейин, спорт шаарчасын көрүп, коменданттык рота менен жатаканага кирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстан аскер кызматкерлеринин согуштук даярдыгын жогорулатууга, аскердик техника менен курал-жаракты жаңылоого, аскер бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана кызмат өтөөгө татыктуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.













