Президент Садыр Жапаров AquaLab лабораториясындагы ката анализдери боюнча болгон скандалга байланыштуу өз көз карашын билдирди. Жарандар менен жолугушууда ал өзүнүн энеси ката анализдин натыйжасында рак оорусу кеч аныкталып, кийин каза болгонун айтып, окуяга кайгырды.

Мындай лабораторияларды жабуу керек
Садыр Жапаров

Саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмонов бул окуя боюнча маалымат берди. Анын айтымында, укук коргоо органдары учурдагы кырдаалды изилдеп жатат, ал эми лабораторияга айып пул салынган.

65 000 сом айып пул

AquaLab лабораториясына салынган айып пул

Министрдин билдирүүсүнө ылайык, ката кетирген дарыгер Москвага кеткен. Президент болсо болгон окуяны кылдат изилдеп, жакындарына келген зыянды толук калыбына келтирүү боюнча тапшырма берди.