Россиянын мунай иштетүүчү жана мунай-химиялык ишканаларына дрондор менен чабуул жасоо окуялары уланууда. 15-ноябрь күнү түндө Татарстан республикасынын Нижнекамск шаарында чоң өрт чыккандыгы билдирилди.
The Kyiv Independent медиасынын маалыматы боюнча, Нижнекамсктын тургундары шаардын өнөр жай аймагында жарылуулар жана өрт болгонун айтышкан. Алдын ала маалыматтарга таянса, дрондордун максаты «Сибур» компаниясына таандык болгон «Нижнекамскнефтехим» заводу болушу мүмкүн.
Нижнекамсктын мэри Радмир Беляев абага каршы коргонуу каражаттарынын иштеп жатканын билдирди. Ошол эле учурда Татарстанда бир нече аэропорттун иши убактылуу чектөөгө алынган. Азырынча дрондордун «Нижнекамскнефтехим» ишканасына түздөн-түз тийгени тууралуу расмий тастыктоо жок, зыяндын масштабы такталууда.
Муну менен бирге, Волгоград шаарындагы мунай иштетүүчү заводго жасалган чабуулдун кесепетинен төрт адам каза болгону маалымдалды. Волгоград губернатору Андрей Бочаровдун айтымында, чабуулдун натыйжасында дагы эки адам ооруканага жаткырылган.
Мунай иштетүүчү заводдорго жасалган соккулардын фонунда россиялык региондордо бензин менен камсыздоодо үзгүлтүктөр жаралып, тартыштык пайда болду.







