Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, «Рыбарь» телеграм-каналынын негиздөөчүсү Михаил Звинчук 9-октябрда эртең менен Рисан шаарында кармалды. Ал Орусия Коргоо министрлигинин басма сөз кызматында иштеген. Аны менен кошо дагы бир нече орусиялык кармалды, алардын арасында Михаилдин аялы Валерия Звинчук да бар.

Кармоо учурунда полиция жана Улуттук коопсуздук агенттиги катышты. Орусиялыктардан дрондор, татаал санариптик техника жана электрондук түзүлүштөр табылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Рыбарь» командасы Черногорияга өлкөнүн Европа интеграциясына каршы материалдарды тартуу үчүн келген. Каналдын өзү негиздөөчүсүнүн кармалышы боюнча унчукпай жатат.

Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланышы мүмкүн деген версия бар. Бул кармоо операциясы украиндердин, черногориялык атайын кызматтардын жана америкалыктардын биргелешкен аракети болушу мүмкүн. Черногориялыктар АКШнын макулдугусуз мындай кадамга барбайт деп ойлойм.
RT маалымат булагы

Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаменти «Рыбарь» кызматкерлери тууралуу маалымат үчүн 10 миллион долларга чейин сыйлык сунуштаганы белгилүү. Ведомство долбоор АКШдагы шайлоолорго «таасир этүү операцияларын» жүргүзүп, кийлигишкен деп эсептейт.

Михаил Звинчуктун командасы Черногориянын аймагында мыйзамдуу болгонун, жергиликтүү монастырлардын биринде тартууну пландаганын жана буга уруксат алганын билдирди.

Черногорияда «Рыбарь» телеграм-каналынын ээсин кармоого Украина жетишкен болушу мүмкүн деп RT маалымат булагы билдирди.