Россиянын Президенти кол койгон жаңы жарлыкка ылайык, Россиядан Кыргызстан багытына накталай акча жана баалуу металлдарды алып чыгуу эрежелери катаңдатылды. Чектөөлөр жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле жеке ишкерлерге тиешелүү.
Накталай акчага чектөөлөр
Жарлыкка ылайык, жеке жактар Россиядан 1 миллион рублдан ашык накталай акча алып чыга албайт. Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге болсо акчанын өлчөмүнө карабастан накталай рубль алып чыгууга тыюу салынат.
Документтен
Россия Федерациясынын Президентинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 193 Жарлыгына ылайык, физикалык жактарга Россиядан Кыргызстанга 1 миллион рублдан ашык, ал эми юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге акча каражттын өлчөмүнө карабастан накталай акчаны (рубль) алып чыгууга тыюу салынат.
Бирок айрым учурларда юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге акча алып чыгууга уруксат берилет: эл аралык аэропорттор аркылуу акчанын Россиянын банктарындагы эсептен алынганын тастыктаган документтер болсо, же эл аралык ташуулардын алкагында валютанын Россияга алып келингени ырасталса.
Чектөө бузулган учурда, жеке жактардан 1 миллион рублдан ашкан бөлүгү, ал эми юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден алып чыгып жаткан накталай акчалар толук көлөмдө конфискацияланат.
Алтынга чектөө
Мындан тышкары, жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле жеке ишкерлерге Россиянын аймагынан жалпы салмагы 100 граммдан ашкан куйма түрүндөгү аффинаждалган алтынды алып чыгууга тыюу салынат.
Бул чектөө Москвадагы «Внуково», «Домодедово», «Шереметьево» жана Владивостоктогу «Кневичи» эл аралык аэропортторунун аба өткөрмө пункттары аркылуу алтын алып чыгууда Федералдык пробирдик палатасынын тиешелүү корутундусу болгон учурда колдонулбайт.
Чектөөлөрдүн негизги көрсөткүчтөрү
Россиядан алып чыгууга чектөөлөр
Бул чектөөлөр Россиядан Кыргызстанга келген жарандарга жана ишкерлерге түздөн-түз таасирин тийгизет. Уруксат берилген чектен ашкан акча же алтын конфискацияланышы мүмкүн.














