Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда тараган Сыргак Кенжебаевдин видеокайрылуусуна комментарий берди.

Орунбековдун айтымында, видеодогу айтылгандар жалган, манипуляциялык мүнөзгө ээ жана фактылар менен далилденген эмес.

Ал мисал катары бажы төлөмдөрү боюнча маалыматтарды келтирди. Анын сөзү боюнча, 2020-жылга чейин бажы жылына болжол менен 20 миллиард сом чогултса, азыр ушундай көлөмдөгү түшүүлөр бир айдын ичинде камсыз кылынат.

Орунбеков ошондой эле ай сайынкы көрсөткүчтөр планды ашыгы менен аткарылып жатканын билдирди.

Демек, бул тармакта реформа жүргүзүлдү жана эч кандай шектенүүгө негиз жок.
Дайырбек Орунбеков