Өзбекстанда Үй-бүлө кодексине киргизилген жаңы эрежелерге ылайык, баланын фамилиясын атасынын атынын негизинде ыйгарууга уруксат берилди.

Мындан тышкары, баланын фамилиясы атасынын же апасынын атасынын атынан коюлушу мүмкүн. Бул жаңы чечим улуттук салттарды эске алуу жана жарандардын каалоосун канааттандыруу максатында кабыл алынган.

Өзбекстан Сенатынын маалыматы боюнча, бул өзгөртүүлөр жарандарга кошумча ыңгайлуулуктарды жаратып, алардын улуттук жана диний салттарын урматтоого шарт түзөт.