Кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн ОАЭ – көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган жагымдуу жер. Бул өлкөдө жогорку маяна, өнүккөн кызмат көрсөтүү тармагы жана кесипкөйлүктүн туруктуу суроо-талаптары бар. Ошентсе да, бул шарттар кыргызстандыктар үчүн жашыруун тобокелдиктерди жана эмгек талаш-тартыштарын пайда кылышы мүмкүн.

Дубайдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, эмгек багыты боюнча талаштар көбүнчө тараптардын биринин адилетсиздигинен эмес, жумушчулардын өз укуктары, ОАЭ мыйзамдары жөнүндө жана эмгек келишимин түзүү тартиби тууралуу жетишерлик билими болбогондугунан келип чыгат.

Талаш-талаштардан качуу үчүн эмне кылуу керек?

Көпчүлүк конфликттер Кыргызстандан чыгып кеткенге чейин алдын алынса болот. Мындайга жетишүү үчүн төмөнкү кадамдар сунушталат:

  • Документтерди кылдат текшерүү
  • Иш берүүчү жана жумушту уюштуруучу агенттиктерди алдын ала текшерүү
  • Эмгек мыйзамдары боюнча маалымат алуу жана укуктарды жакшы билүү
  • Жумушка орношуунун бардык шарттарын жазуу жүзүндө бекитүү

Эң көп талаштар тил билбөө, ОАЭдин мыйзамдарын билбөө, жана адашкан же жаңылган маалыматты жумушка орнотуу агенттиктеринен алуу сыяктуу себептерден улам жаралат. Бул жагдайда маалымат алууга жана даярдыкка өзгөчө маани берүү керек.

«Чындыгында ар бир экинчи нааразылык сулуулук индустриясынан келип түшөт», — Кутман Мамытов, Кыргызстандын Дубайдагы Башкы консулу.
Кутман Мамытов, Дубайдагы Кыргызстандын Башкы консулу