Социалдык тармактарда тараган видеодо Новопавловка айылында болгон окуя чагылдырылган. Видеонун мазмунуна ылайык, бир эркек колунда баласы бар аялды күч менен автоунаага салып жатат.
Nomad булагынын маалыматы боюнча, бул окуя 15-ноябрь күнү кечинде болгон. Инцидентге катышкан адамдар үй-бүлөлүк жубайлар болуп чыккан.
Окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн эки катышуучу тең Ленин районунун ИИМ бөлүмүнө жеткирилген. Учурда аял өзү күйөөсүнө карата арыз жазуудан баш тартып жатат.









