«НЭСК» компаниясы өлкөдө болгон электр жарыгынын өчүп калышынын негизги себебин аныктады.

Компания билдиргендей, «Кара-Балта – Главная» жана «Главная – Шу» жогорку вольттук 220 кВ линияларында авариялык өчүү болгон.

Бул авариянын натыйжасында системалуу автоматика иштеп, жүктөм өчүрүлгөн.

Азыр НЭСК электр менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Технологиялык бузулууларды пайда кылган себептер азыр иликтенүүдө.