Мирбек Мамбеталиев министрликке караштуу кызматкерлердин айлык акысы жана стимулдаштыруу фонду жөнүндө маалымат берди. Ал мамлекеттик кызматкерлердин айлыгынын үстүнө ай сайын 50 пайызга жакын кошумча акча төгүлөрүн айтты.

Мамбеталиевдин айтымында, өзүнүн айлыгын бардык кошумчалар менен бирге эсептегенде, ал болжол менен 100 миң сомду түзөт.

Ал ошондой эле министрликтин орун басарларынын айлыгы тууралуу айтып, алар да бардык кошумчаларды кошкондо 70 миң сомго жакын акча алышарына токтолду.

Ранее по темеМаданият объектилерин оңдоодо LED-экрандар дүйнөлүк класстагы курал катары алынууда

Министр акыркы эмгек акы көтөрүү боюнча маалымат берип, маданият тармагындагы минималдык айлык 33 миң сомго өсөрүн билдирди.