Кыргызстандын Токтогул суу сактагычындагы суу көлөмү азыр 10 миллиард 200 миллион куб метрге жетти. Бул тууралуу Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

Министрдин айтымында, быйылкы суу көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилинекен салыштырганда 700-750 миллион куб метрге аз. Мындан 1,5 ай мурда айырма 1,5 миллиардга жеткен.

«Күзгү жана кышкы мезгилдерге чейин суунун көлөмүн кеминде 11,5 миллиард куб метрге жеткирүү пландалууда. Бул көлөм жетиштүү деп эсептелинет», - деди Алтынбек Рысбеков.

Министр ошондой эле жакшы аба ырайы жана мөңгүлөрдүн эрип жатышы бул пландын ишке ашышына жардам берүүдө деп белгиледи.