Кыргыз эли үчүн үлгү боло турган ак байбичелердин биринен кийин экинчиси кетип жатканы жүрөктү оорутат. Бирок адамдан из калат — ал артында калган эмгек жана урпактар. Роза Айтматовадан таалим-тарбия алып, анын билиминен үлгү алган муун үчүн анын элеси жана изи дайыма сакталат.

Мен Роза эжеден эч качан «Мен Төрөкул Айтматовдун кызы болом» же «Мен Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы болом, биле жүргүлө!» деген сөздөрдү уккан эмесмин. Ушул сапаты мени өзгөчө таң калтырып, суктандырат.
Меңди Мамазаирова, акын, драматург

Мамазаирова Роза эженин пендеде сейрек кездешкен сабырдуулугун, токтоолугун, ички терс эмоцияларын кармай билгенин, басмырттыгын, бирөөнү жамандап сүйлөбөгөнүн, үнүн жумшак колдонгонун жана айкөлдүгүн өзгөчө баалайт. Бул сапаттардын ар бири өзүнчө үйрөнүүгө арзыйт.

Акын Роза Айтматованын улуттук агартууга кошкон салымын жана адабий мурасын да белгилеп, анын өмүрү илим, педагогика жана коомдук ишмердүүлүк менен айкалышкан кеменгер инсан болгонун айтты. Кыргыз коомчулугу анын эмгегин өзгөчө баалашы керек деп эсептейт.