Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды акысыз спутник интернетке туташтырууга байланыштуу алдамчылыктан сактанууну өтүнүп жатат. Алдамчылар WhatsApp аркылуу жалган билдирүүлөрдү таратып, интернеттин ылдамдыгын жогорулатат деген уулуп менен зыяндуу APK файлдарды жөнөтүп жатышат.
Бул файлдарды орнотуу же ага туура келбеген шилтемелерге кирүү кесепеттери чоң болушу мүмкүн. Анын ичинде жеке маалыматтардын уурдалышы жана банктык колдонмолорго уруксатсыз кирүү сыяктуу коркунучтар камтылган.
- Ички иштер министрлиги белгисиз адамдар жөнөткөн файлдарды орнотпоону сунуштайт.
- Шектүү шилтемелерге кирбөөнү маалымдайт.
- Жаңы кызматтар тууралуу маалыматты расмий булактардан гана тактоону өтүнөт.
















