Вильнюс Борбордук Азиядан келген эмгек мигранттарына болгон мамилесин кайра карап чыгууда. Сентябрь айында Кыргызстанда жана Өзбекстанда Литвада ишке орношуу үчүн арыздарды кабыл алуу токтотулган. Ал эми 1-ноябрдан тарта Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандагы виза борборлору таптакыр жабылат.
Расмий бийликтердин айтымында, мындай чечим жүктөмдүн өтө жогору болгонуна жана коопсуздукка байланыштуу коркунучтарга негизделген. Бул окуялар Литванын мусулман жамаатына каршы бир нече акциялардын фонында болуп жатат.
Литва Борбордук Азиядан келген мигранттар үчүн Россияга альтернатива болуп калган өлкөлөрдүн бири эле. Бирок азыр аталган мамлекет эшигин жаап, миграция саясатын катаалдаштырууда.
Мечиттеги окуя: чочконун башы жана анын кесепеттери
11-сентябрда Литванын экинчи чоң шаары Каунастагы Рамибес паркындагы мечиттин алдында өлкөнү дүңгүрөткөн окуя болду. Ибадатканага сыйынууга келгендердин алдына жүзгө жакын байкерлер келип, мечитти курчап алышты.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, алар катуу музыка коюп, «Литва!» деп кыйкырып, сыйынып жаткандардын үстүнө чочконун башын көтөрүп көрсөтүшкөн.
Намаз бүткөндөн кийин мусулмандар жооп катары «Аллаху акбар!» деп кыйкырышкан. Кол салууга чейин жеткен эмес: жакын жерде кеминде алты полиция экипажы кезмет кылып турган.
Адегенде полиция окуяны кадимки эле тартип бузуу катары кабыл алып, жыйын өткөрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик иш козгогон. Бирок үч күндөн кийин бийлик жек көрүүнү козутуу жана диний ырым-жырымдарды өткөрүүгө тоскоолдук кылуу боюнча сотко чейинки иликтөөнү баштаган.
Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, Каунас дүйнөлүк баш макалаларга чыкты.










