Кыргызстан 2026-жыл үчүн электр унааларын импорттоодо кошумча 10 миң унаа таможня төлөмсүз киргизүүгө укук алды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын 9-июлдагы 79-токтомуна ылайык ишке ашат.
Муну менен жеңилдетилген тариф боюнча 2026-жылга карата алынчу электр унааларынын жалпы саны 15 миңден 25 миңге чейин көбөйтүлдү. Бул чечим өлкөдө экологиялык таза транспортту жайылтуу максатында кабыл алынды.









