Номад ТВ каналынын маалыматына ылайык, окумуштуулар ушул жылдын май айында алгач аныкталган коронавирустун PJ.2.1 түрү тууралуу эскертүү берди. Бул жаңы штаммдын өзгөчөлүгү анын адамдын клеткаларына натыйжалуураак киришинде жана мутацияларды топтоо жөндөмүндө.
Жаңы варианттын эң коркунучтуу жагы — ал иммундук коргоону айлап өтүүгө жардам берген мутацияларды топтоп турат. Бул вирус менен күрөшүүдө организмдин коргонуу системасын алдап кетүүгө мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда окумуштуулар вирусдын жайылышын жана анын жаңы мутацияларын көзөмөлдөөдө. Өзгөчө курч оорулары бар жана жаш курагы улуу адамдарга өтө этият болуу сунушталууда.


