Жылдын алгачкы беш айында Кыргызстандын күйүүчү-энергетикалык ресурстарынын импортунда даяр мунай продуктуларынын көлөмү кыскарып, бирок суюлтулган газдын жеткирүүсү көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.

Мунай продуктуларын импорттоо (январь-май 2026)

413 136,3тонна мунай продуктулары
26,7 млрдсомго бааланган
305,2 млндолларга бааланган
19%физикалык көлөмдүн кыскарышы

Отун-майлоочу материалдардын негизги жеткирүүчүлөрү катары Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы калууда. Алар Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүнүн олуттуу бөлүгүн камсыз кылышат.

Негизги жеткирүүчүлөр

272 617,9тонна Орусиядан
12,3%Орусиядан кыскаруу
18,07 млрдсом Орусиядан (наркы)
125 026,2тонна Казакстандан
34%Казакстандан кыскаруу

Казакстандан мунай продуктуларынын жеткирүүсү былтыркы деңгээлден 34 пайызга төмөн болгону менен, чийки мунайды импорттоо кайрадан жанданды. Жалпысынан 6 миң 391,5 тонна чийки мунай 282 миллион 427,3 миң сомго өлкөгө алынып келинген.

Автомобиль бензининин жалпы импорту да байкаларлык кыскарып, 22,3 пайызга төмөндөгөн. Ушул мезгилде 327 миллион 117,7 миң литр бензин 14 миллиард 56 миллион 225,7 миң сомго импорттолгон.