Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2021-жылдагы 8 млрд 332,4 млн доллардан 2025-жылы 15 млрд 825 млн долларга чейин өстү. Бул көрсөткүч 5 жыл ичинде 89,9% га жогорулаганын билдирет.
2022-жылы тышкы соода көлөмү 12 млрд 57,9 млн долларга жеткен, ал эми 2023-жылы ал 15 млрд 902,7 млн долларды түздү.
2024-жылы эң жогорку көрсөткүч катталып, тышкы соода жүгүртүүсү 17 млрд 631 млн долларда болду.
Бирок 2025-жылы бул көрсөткүч 10,2% кыскарып, 1 млрд 806 млн долларга азайып, 15 млрд 825 млн долларга жетти.








