Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү учурда ОДКБнын командалык-штабдык машыгууларына катышып жатышат. Бул машыгуулар Беларусиянын аймагында өтүп жатканы белгилүү. Кыргыз котингентинин жетекчилигин полковник Искендер Зулпуев алып барат.
Мындай машыгуулардын максаты катышуучу өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү арасындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү болуп саналат. Бул иш-чаралар куралдуу кызматкерлердин биргелешип иштөөнүн талап кылынуучу тартибин камтыйт.























