Кыргызстандын банктык секторунун кардарларынын кредиттик портфелинин көлөмү 30-сентябрга карата 658,7 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч 2026-жылдын башынан бери 29,9%га жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылган.
Кредиттик портфелдин ичиндеги мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын суммасы 12,7 млрд сомду түзүп, бул банктык системанын жалпы кредиттик портфелинин 1,9%ын түзөт. Жылдын башынан бери мөөнөтү өтүп кеткен карыздар 4 млрд сомго, же 45,7%га көбөйгөн.
Негизги көрсөткүчтөр
Ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү 64,2%га өсүп, 19,2 млрд сомдон 31,6 млрд сомго жетти. Ал эми ислам принциптери боюнча мөөнөтү өтүп кеткен каржылоо 0,2 млрд сомду түзүп, жылдын башына караганда 3,3%га азайган.
Классификацияланган кредиттер53 млрд сом74 млрд сом +40%
Банктык сектордун кредиттик портфелин доллэрлештирүү деңгээли 17,7%ды түздү, бул жылдын башына салыштырмалуу 0,6 проценттик пунктка төмөндөгөнүн көрсөтөт.







