Кыргызстандын Театралдык окуу жайынын студенттери Россиядагы «Сириус – Роза Хутор» эл аралык искусство фестивалында өз өлкөсүнүн маданиятын тааныштырышат.
Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылгандай, бул фестиваль балдар жана жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашууга жана чыгармачылык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
Программа алкагында студенттер кыргыз элинин маданий мурастарын чагылдырган «Кулмырза менен Аксаткын» лирикалык дастанын сахналаштырышат.
Жаш артисттер ошондой эле театралдык искусство жаатындагы жаңы ыкмаларды жана эл аралык театр билим берүү тажрыйбасын үйрөнүшөт.








