UFC мелдешинин эң жеңил салмактагы эки жолунун чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко америкалык «Список смертников» (The Terminal List) сериалынын экинчи сезонунда Россия Федерациясынын Федералдык коргоо кызматынын агенти катары роль ойногон. Бул тууралуу allboxing.ru булагы билдирди.
Сезондун премьерасы Amazon Prime сервисинде болуп өттү. Шевченко сериалдын жетиинчи сериясында көрүнөт. Анын Кира Котова аттуу каарманы башкы каарман менен биргеликте эл аралык саммиттин коопсуздугун камсыздоо иштерине катышат.
Бул Валентинанын кино тармагындагы алгачкы иши эмес. Ал өзүнүн кинодогу дебютун 2020-жылы «Удары» (Bruised) фильми менен жасаган. Ал ошол кинодо Invicta FC чемпиону Люсия Чавес ролун аткарган, ал эми башкы каарманды Голливуд жылдызы Хэлли Берри ойноткон.
Учурда Валентина Шевченко Наталия Сильвага каршы титулун коргоого даярдануу учурунда алган жаракатынан кийин калыбына келүү процессинен өтүүдө. Бул жаракаттын натыйжасында ал чемпиондук укуктарынан ажыраган. Натыйжада Сильва бош титлул үчүн кытайлык Ван Цун менен болгон боюнда жеңип, жаңы чемпионко айланган.











