2026-жылдын 24–30-июлунда Литванын Каунас шаарында 10-Европалык жаштардын информатика олимпиадасы (EJOI 2026) өткөрүлдү.
Анда Кыргызстанды төрт окуучу өкүлчүлүк кылды, алардын экөө медальга ээ болду, калгандары болсо ардак грамоталар менен сыйланды.
- Азирет Исраилов— Intellect Pro School мектебинин 10-классынын окуучусу, күмүш медаль ээси, машыктыруучусу — Медербек Осмонов
- Арлан Саят— "Газпром Кыргызстан" мектебинин 9-классынын окуучусу, коло медаль тагынган, машыктыруучусу — Мамат Ишматов
- Эмирхан Сыдыкбаев— "Газпром Кыргызстан" мектебинин 9-классынын окуучусу, ардак грамотасы менен сыйланды, машыктыруучусу — Евгений Кичак
- Бектен Абдувалиев— International School of Kyrgyzstan мектебинин 9-классынын окуучусу, ардак грамота ээси, машыктыруучусу — Кылычбек Урайымов
Кыргызстандын командасынын башчысы Медербек Осмонов, анын орун басары Адиль Ахметов болду.
Бул олимпиада 15 жашка чейин болгон балдарды камтып, 25 өлкөдөн балдар катышкан.
























