Баткен шаарында 58 жаш курагында «Максат-Баткен» музыкалык тобунун негиздөөчүсү Рустам Абдырахманов көз жумду.

Ал акыркы жылдары Баткен облустук музыкалык-драма театрынын башкы администратору болуп иштеген.

Рустам Абдырахманов 1990-жылдары «Сенсиз, жаным», «Лейла», «Айнура», «Классташ кызга» жана «Жанна» өңдүү ырлары менен кеңири таанылган.

2023-жылдын 14-июлунда Баткен шаарында анын акыркы сапарга узатылышы боюнча эскерүү аземи өттү.