Социалдык фонддун кызматкерлери «Ыйман ай» акциясын өткөрүп, Кыргызстандагы 100 жаштан жогору жашаган бардык тургундарды көрдү. Жардамдын алкагында, ар бир узак жашаган адамга 10 миң сом өлчөмүндө акча каражаты тапшырылды.

Ушул иш-чарада компания спонтору да катышып, аксакалдардын колуна сыйлыктар жана муктаждык буюмдарынын топтомдорун берип кетишкен.