Кыргызстандын бардык аймагында ИИМдин Коопсуздук жол кыймылы башкармалыгы жана өзгөчө кызматы биргелешип «Маяк» деген аталыштагы рейд жүргүзүүдө.

Рейддин негизги максаты — жол кыймылынын катышуучулары өзгөчө автоунааларга жол бергенди текшерүү болуп саналат, анын ичинде тез жардам, өрт өчүрүү жана милиция автоунаалары.

Ыкчам кызматтар көк жана кызыл түстөгү маячоктор жана үн сигналдарын күйгүзүп, жолдо жүрүшөт. Коопсуздук идаресинин кызматкерлери айдоочулардын аракетин көзөмөлдөп, жолдон тарткан учурларды аныктап жатышат.

ИИМдин Коопсуздук башкармалыгы айдоочуларга өзгөчө автоунактарга дароо жол бериши керектигин эскертет. Бул талап сакталбаса, куткаруучулардын ыкчам барышына тоскоолдук жаралып, адамдын өмүрү коркунучка кабылышы мүмкүн.