Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы берген маалыматка ылайык, бир жума ичинде жол эрежелерин бузуунун жалпы саны 21 624 учурду түздү.

Негизги эреже бузуулары

Түрлүү эреже бузуулар

902тиешелүү документтери жок унаа айдоо
459мас абалында унаа айдоо
1310ылдамдыкты ашыруу
978транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежесин бузуу
765жаяин жүрүүчүлөрдүн эреже бузуусу
193айнектерди мыйзамсыз караңгылатуу

Ошондой эле 33 учурда автохулигандык фактысы катталып, 15 учурда жасалма мамлекеттик каттоо номерлери менен унаа айдаган айдоочулар аныкталган. Мындан тышкары, жол кыймылынын башка эрежелерин бузуунун 13 928 фактысы катталды.

Түзүлгөн бузуулардын натыйжасында 3 041 унаа айып пул токтотуу жайларына жөнөтүлгөн.