2026-жылдын январь-айында Кыргызстан 98 миң 986 грамм алтынын сыртка экспорттой алды. Бул көлөмдөгү драгметаллдын базар баасы 16,2 миллион доллардан ашыкты түздү.

Бирок, февраль айынан бери май айына чейин алтырдын чет өлкөлөргө чыгарылышы токтотулган. Демек, төрт ай ичинде өлкөдөн алтын экспорттоолор катталган жок.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, январьдагы алтындын бардыгы Швейцарияга жөнөтүлгөн. Ага чейинки жылдары Кыргызстандан негизинен Британия, Түркия жана Малайзия сыяктуу өлкөлөргө алтын экспорттолуп келген.