Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында 73,3 миң тонна жаңы нан өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10,1%га жогору.
Былтыркы жылдын январь-сентябрь айларында өндүрүш көлөмү 66,5 миң тоннаны түзгөн. Демек, жыл ичинде өндүрүш 6,8 миң тоннага өскөн.
Нан өндүрүү көрсөткүчтөрү
Сентябрь айында да өсүш байкалды. 2026-жылдын сентябрында 9,3 миң тонна нан өндүрүлгөн, ал эми 2025-жылдын сентябрында бул көрсөткүч 7,9 миң тонна болгон. Демек, сентябрь айындагы өсүш 18,3%ды түздү.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын сентябрында жаңы нан өндүрүү 2024-жылдын сентябрына салыштырмалуу 9%га төмөн болгон.















