Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин жана өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.
Кызматташуунун негизги багыттары
Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Швейцарияны Европанын маанилүү өнөктөштөрүнүн бири деп белгилеген. Ал саясий диалогду бекемдөөгө, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.













