Кыргызстан менен Кытайдын Southern Power Grid International компаниясы энергетика тармагында кызматташтыкты кеңейтүү максатында жолугуштуу өткөрдү.
Министр Алтынбек Рысбеков менен компаниянын президенти Чжан Хэнтинин катышуусундагы жолугушууда энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, электр тармактарын өнүктүрүү, санарип технологияларын киргизүү боюнча маселелер талкууланды.
Жыйынтыгында эки тараптын ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандуму түзүлүп, биргелешкен жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Бул топ келечекте техникалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш алып барат.
Меморандумдун негизинде Кыргызстандын энергетика тармагын санариптештирүү жана заманбап технологияларды колдонуу алдыга коюлган максаттардын катарында турат.















