Астана шаарында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов менен жолугушту. Бул жолугушуу эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.

Министрлер электр энергиясын жеткирүү жана транзит маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле энергетикалык системалардын иштөө режимдерин координациялоо жана мурда жетишилген келишимдердин алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Казакстан тарабы регионалдык энергетикалык өнөктөштүктү чыңдоо жана энергетикалык системалардын ишенимдүү ишин камсыз кылуу боюнча кыргыз тарабы менен тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин тастыктады. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн энергетика министрлери энергетикалык күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча активдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.