21-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Адылбек Касымалиев өкмөттүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда биринчи жарымжылдыкта аткарылган иштердин жыйынтыктары каралып, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган стратегиялык документтер талкууланды.
Жыл башынан бери өкмөт тарабынан 80 иш-чаранын аткарылышы бааланып, жакшы көрүнүштөр менен катар проблемалуу маселелердин себептери аныкталып, аларды чечүү жолдору каралды. Адылбек Касымалиев 2026-жылга карата пландалган 670 иш-чаранын аягы боюнча милдеттердин аткарылышы боюнча отчет берилерин айтты.
Экспорттук жана маркетингдик стратегия
Жыйындын жыйынтыгы менен өнөр-жай тармагындагы ишканалар үчүн 2026-2030-жылдарга арналган экспорттук жана маркетингдик стратегия бекитилди. Анын негизги максаты - фармацевтика, зергерчилик жана айыл чарба продукцияларын экспорттоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана өнүктүрүү.
Ошондой эле энергетика тармагын өнүктүрүү маселеси каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жоопкерчилик жүктөлдү.













