Республика Кореянын Чонджу шаарында Кыргызстандын жарандары үчүн укуктук коргоо, коопсуздук жана укук бузуулардын алдын алуу маселелерине арналган жолугушуу болуп өттү. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, иш-чарага Кыргызстандын элчиси Мелис Мамадалиев жана Кыргызстандын Кореядагы Ички иштер министрлигинин өкүлү Талгат Саргашкаев катышты.
Бул жолугушуу «Даткайым» кыргыз диаспоралык ассоциациясынын көмөгү менен Чет өлкөлүк жумушчуларды колдоо борборунда өткөрүлдү.
Катышуучуларга Кореянын укук коргоо органдарына кайрылуу тартиби, ар кандай укук бузуулар үчүн жоопкерчилик жана кылмыштардын алдын алуу чаралары түшүндүрүлдү. Өзгөчө баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, кибер алдамчылык, экстремизм жана терроризм менен байланышкан кылмыштардын коркунучтары айтылды. Ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо жана мыйзамсыз ишмердүүлүккө тартылуу тобокелдиктери талкууланды.
Мындан тышкары, кыргызстандыктар Кореянын миграциялык мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү, эмгек мамилелерин жөнгө салуу жана чет өлкөлүк жумушчулардын укуктарын коргоо механизмдери боюнча маалымат алышты.
Элчилик жарандарга алардын миграциялык статусуна карабастан консулдук-укуктук жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Элчи Мелис Мамадалиев мекендештерине жашаган өлкөнүн мыйзамдарын сактоого жана көйгөйлөр жаралган учурда өз убагында жардам суранууга чакырды.
Элчинин Чолла-Пукто провинциясынын Чет өлкөлүк жумушчуларды колдоо борборунун директору Ким Ги Су менен жолугушуусу да өттү. Тараптар кыргызстандык эмгек мигранттарына практикалык колдоо көрсөтүү жана мындан аркы кызматташтык келечектерин талкуулашты.












