Иссык-Кул областында иш алып бараткан Бишкек шаарынын патруль милициясынын кызматкерлери коомдук тартипти бузган жаранды кармашты.

Маалыматка ылайык, эркек жол кырдаалы учурунда айланадагы адамдарга, анын ичинде аялдарга каршы оозеки жаман сөздөрдү айтып, коомдук тартипти бузууга аракет кылган.

Тиешелүү чаралар көрүү үчүн кармалган жаран Чолпон-Ата шаарынын ИИБне жеткирилген.