Иссык-Көл райондук оорулардын алдын алуу борборунун жана мамлекеттик санитарно-эпидемиологиялык көзөмөлүнүн адистери Жаркынбаев айылындагы жол куруучу жумушчулардын арасында вакцинация жүргүзүштү.
Бул иш-чаранын негизги максаты — инфекциялык оорулардын алдын алуу, калкину ден соолугун коргоо жана оорулардын таралышын токтотуу болуп саналат.
Район аймагында жашап жана иштеген чет өлкөлүк жарандарды вакцинациялоо аркылуу адистер эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоого көмөкт үзүп жатышат.



















