Instagram колдонуучулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачылды. Эми стористерди жарыялагандан кийин аларды өзгөртүүгө болот, бул учурда ага келген көрүүлөр, лайктар жана жооптор сакталып калат.
Instagram жетекчиси Адам Моссери билдиргендей, колдонуучулар текстти оңдоп, музыканы алмаштырып, стикерлерди жана чиймелерди түзөтө алышат. Буга чейин каталарды оңдоо же жаңы ыр кошуу үчүн стористи өчүрүп, кайрадан башынан жүктөө талап кылынган. DW булагынын маалыматы боюнча, бул өзгөртүүлөрдү жарыялагандан кийинки алдыңкы 15 мүнөт ичинде жасоого болот.
Кантип өзгөртүү керек?
Жарыяланган историяны түзөтүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:
- Стористи ачуу
- Экрандын оң төмөнкү бурчундагы үч чекит бар менюну басуу
- Edit Story пунктун тандоо
Башка жаңылыктар
Андан сырткары, Instagram жаңы шрифттерди, түстөрдү жана стикерлердин формаларын анонстады. Компания бир нече сүрөттү тандоо интерфейсин жаңылап, колдонуучуларга стористер үчүн бүдөмүк (размытие), түстүү жана градиенттүү фондордун кошумча варианттарын сунуштайт.







