Индонезиянын чыгышындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 51ге жетти, жүздөгөн жарадарлар бар. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.
Табигый кырсык 900дөн ашуун турак жайды, эмгек жайларды жана коомдук имараттарды талкалаган. 450 турак үй ар кандай деңгээлде жаракат алган.
Кыргызстандын Кабар агенттиги маалымдагандай, жер титирөө учурунда 5 миңдей адам үйлөрүн таштоого мажбур болгон.
Ондогон жолдор оползеньдерден жабылып, көптөгөн аймактарда байланыш үзгүлтүккө учураган. Электр жарыгы өчүп, куткаруучуларга кыйынчылыктар жаралууда.
Өкмөттүк жана турак жайлар, мектептер, медициналык жайлар менен диний мекемелер жабыркаган.
Землетрясение учурундагы зыян













