Индонезиянын Президенти Прабово Субианто өлкөдөгү токой өрттөрүнүн кесепетинен кошуна Сингапур жана Малайзия мамлекеттерине жайылган түтүн үчүн кечирим суранды. Бул тууралуу CNA агенттиги Индонезиянын Президентинин аппараты тарабынан 15-ноябрь күнү жарыяланган билдирүүгө таянып кабарлайт.

Президент өрттөр дээрлик төрт ай бою уланып турганын жана бийлик тарабынан аларды өчүрүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалганын белгиледи. Өрт менен күрөшүү учурунда 16 өрт өчүрүүчү өз өмүрүн жоготкон, ошондой эле эки тик учак жоголгон.

Компанияларга карата чаралар

Субианто өрттөрдүн чыгуусуна себепкер болгон компанияларга карата «нөлдук чыдамсыздык» саясатын жүргүзүп жатканын баса белгиледи. Мындан тышкары, мыйзам бузууларга шектенген ишканалар боюнча иш-чаралар башталып, алардын ишмердүүлүк лицензиялары кайтарылып алынууда.

Компаниялар боюнча маалымат

17корпоративдик концессиялар кайтарылды
26компанияга карата тергөө жүрүп жатат
11компанияга айып тагылды
23айып тагылуу планында
104компаниянын ишмердүүлүгү текшерилет

Өрттөрдү өчүрүү иштерине болжол менен 71 миң адам тартылган. Президент мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл экенин жана токой өрттөрүн алдын алуу боюнча жаңы ыкмаларды киргизүүнү пландап жатканын айтты.

Биз 17 корпоративдик концессияны кайтарып алдык. Учурда 26 компанияга карата тергөө жүрүп жатат, ал эми 11 компанияга айып тагылды. Дагы 23 компанияга айып тагылуу пландалууда. Жалпысынан полиция 104 компаниянын ишмердүүлүгүн изилдеп жатат.
Прабово Субианто