Индия менен АСЕАН өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык мамилелер дүйнөлүк соода жана эл аралык өндүрүш чынжырларындагы өзгөрүүлөрдүн фонунда өбюшүүдө. Vietnam Times басылмасынын жазылган маалыматына ылайык, тараптардын географиялык жакындыгы жана бири-бирин толуктаган өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү интеграцияны күчөтүүгө мүмкүндүк берүүдө.

Азыркы учурда кызматташтык соода, инвестициялар, өнөр жай өндүрүшү, технологиялар, транспорттук инфраструктура жана регионалдык коопсуздук сыяктуу көптөгөн тармактарды камтыйт. Индия үчүн АСЕАН стратегиялык маанилүү рынок, өнөр жай компоненттеринин жана энергия ресурстарынын булагы болуп саналат.

Соода жүгүртүүсүндөгү өсүш

AITIGA (Индия менен АСЕАНдын товарлар менен соодашуу жөнүндөгү келишими) макулдашуусун ишке ашыруу сооданын көлөмүнүн олуттуу өсүшүнө алып келди. 2010/11 финансылык жылында соода жүгүртүүсү болжол менен 56 млрд долларды түзгөн болсо, 2025/26 финансылык жылына карата ал 128 млрд долларга жетти.

Соода көрсөткүчтөрүнин өзгөрүшү

26млрд доллар (экспорт 2010/11)
38млрд доллар (экспорт азыр)
31млрд доллар (импорт 2010/11)
90млрд доллар (импорт азыр)

Аталган мезгил ичинде Индиянын АСЕАН өлкөлөрүнө болгон экспорту 26 млрд доллардан 38 млрд долларга чейин көтөрүлсө, импорт 31 млрд доллардан 90 млрд долларга чейин өстү.

Келечектеги пландар

Учурдагы AITIGA келишимин кайра карап чыгуу соодадагы дисбалансты жоюуга, рынокторго жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана соода процедураларын жөнөкөйлөтүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.