Америкалык ишкер Илон Маск Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин билдирүүлөрүнө жооп иретинде X социалдык тармагында спутниктик терминалдарды жеткирүү тууралуу жарыялоону бөлүштү. Жарыялоодо SpaceX компаниясынын чыр-чатактын башында Киевге миңдеген Starlink терминалдарын бекер берип, байланышты камсыздоо үчүн ай сайын миллиондогон доллар сарптоо чечими ката болгону айтылат.

Буга чейин Киев Starlink жана анын аскердик версиясы Starshield ишинде олуттуу чектөөлөр бар экенин билдирген. Маск өз кезегинде Украинанын Куралдуу күчтөрүн спутниктик системаны колдонуу шарттарын бузган деп айыптаган.

Ошондой эле ишкер Starlink болбосо украин фронтунун линиясы дароо кулай турганын билдирген.