Страховой институт дорожной безопасности (IIHS) 2021-2024-жылдар аралыгындагы АКШдагы 2023-жылкы моделиндеги автоунаалардын жол кырсыктарындагы өлүм көрсөткүчтөрүн иликтеди.

Изилдөөнүн жыйынтыгында кичинекей автоунаалар чоңураак жана оор машинелер менен кагылышканда көбүрөөк зыянга учураары айтылды.

Маалыматтар айдоочулардын курагын жана жынысын эске алган, бирок ылдамдыкты жана айдоочулардын жүрүм-турумун караган жок.

Эң жогорку өлүм көрсөткүчтөрү кайсы моделдерде?

Автоунаалар ичинен эң көп өлүмдөр Kia Rio моделинде катталган — 1 миллион унаа-жылга 170 өлүм, андан кийин Nissan Versa турат.

Андан тышкары, Dodge Challenger, Dodge Charger HEMI, Chevrolet Camaro жана Chevrolet Corvette сыяктуу спорттук моделдер да жаман көрсөткүчтөргө ээ болду.

"Спорттук жана масл-карлардагы жогорку өлүм көрсөткүчтөрү айдоочулардын жүрүм-туруму менен байланыштуу," деди IIHS президенти Дэвид Харки. "Ал эми кичинекей машинелер чоңураак жана оор автоунаалар менен кагылышууда артык корголбогон бойдон калууда."