«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов ШКУ-2026 медиа жана аналитикалык борборлорунун форумунда сөз сүйлөп, медиафорумдун уюштуруучуларына ушундай кадыр-барктуу аудиторияга кайрылууга жана компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Анын айтымында, Кумтөр алтын кени 1978-жылы ачылып, биринчи коммерциялык алтын 1997-жылы өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө «Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын эң ири өнөр жай ишканасы жана өлкөнүн негизги салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.
Бүгүнкү күндө бул чечимдин натыйжалары ишкананын туруктуу иши, өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөрүнүн өсүшү, ошондой эле компаниянын мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы менен тастыкталууда. Учурда кен туруктуу иштеп, өндүрүштүк пландарды аткарып, миңдеген Кыргызстан жарандарын жумуш орундары менен камсыз кылууда.









