24-ноябрда «Кыргыз Республикасындагы миграциялык процесстер» аттуу илимий эмгектин бет ачары өттү. Бул монография «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси тарабынан тартылган эксперттер тарабынан даярдалган. Иш-чара БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) техникалык жана каржылык колдоосу менен ишке ашты.
Талкуу учурунда депутат Гульнара Акимбаева миграция маселелеринин бүгүнкү күндөгү маанилүүлүгүн белгилеп, чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын айтты. Ошондой эле мигранттардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү жана бул тармактагы мыйзамдарды өркүндөтүү керектигине токтолду.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү маселелер өзгөчө көңүл борборуна алынды:
- Миграциялык процесстердин социалдык кесепеттери
- Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин шайлоо укуктарын камсыз кылуу
- Мамлекеттик миграциялык саясатты түзүүдө илимий изилдөөлөрдүн ролу
Депутат миграция жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн конкреттүү сунуштарды жана практикалык чечимдерди иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи. Бул чаралар жарандардын укуктарын Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да коргоого багытталышы керек.

















