Google Play дүкөнү орус өкмөтү тарабынан иштелип чыккан Max мессенджерин жана ВКонтакте социалдык тармагынын колдонмосун өчүрдү. Буга чейин App Store да ушул колдонмолорду алып салган.

VK компаниясынын билдирүүсүндө, буга карабастан, мурда орнотулган колдонмолор өз функцияларын токтоткон жок жана Max менен VK колдонмолору RuStore, Huawei AppGallery, Samsung Galaxy Store, Xiaomi GetApps сыяктуу башка Android дүкөндөрүндө жеткиликтүү.

Ошондой эле Google Playден эле Одноклассники социалдык тармагынын жана Mail.ru почта кызматтарынын колдонмолору да жок болду. Колдонмолорду издегенде "Колдонмо жеткиликтүү эмес" деген билдирүү чыгат.

Бул чаралар Еврокомиссиянын Vk холдингине жана Max мессенджерин иштеп чыккан «Коммуникационная платформа» компаниясына санкциялар киргизүүсүнө жооп катары алынган.