Германияда 2029-жылдан баштап бала бакчадагы төрт жашар балдар немис тилин билүү деңгээлин текшерүүчү тест тапшырууга милдеттендирилет, — деп билдирди DW. Бул чечим балдардын мектепке чейинки даярдыгын жакшыртуу максатында кабыл алынууда.

Мыйзам долбоорунун авторунун пикиринде, мындай тестирлөө бардык балдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Эгерде текшерүүнүн учурунда кандайдыр бир маселелер аныкталса, балдарга багытталган жардам көрсөтүлөт.

Математикалык билимди да текшерет

Өкмөт тарабынан даярдалган жана Бундестаг тарабынан добуш берүү аркылуу кабыл алынган мыйзамга ылайык, келечекте бала бакчаларда математикалык билимдер да бааланат. Бул балдар мектепке баргыча математика тармагында да керектүү колдоону көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда оппозиция жана федералдык жерлер өкмөттөн кошумча каражат сурап жатышат. Себеби тестирлөө жүргүзүү жана балдарга жардам берүү үчүн квалификациялуу адистердин көп саны керек.

Бала бакчалар федералдык жерлердин жоопкерчилигинде болгондуктан, бул мыйзам Бундесрат деңгээлинде дагы өзгөртүүлөргө учурашы мүмкүн.