Франциянын орто мектеп окуучулары сентябрь айында башталган нааразылык акцияларынын жаңы толкунун көтөрүштү. Парижде, Лиондо, Марсельде жана башка шаарларда окуучулар окуу жайлардын кире беришин таштанды контейнерлери менен бөгөп коюшту.

Негизги талап — билим берүү мекемелериндеги шарттарды жакшыртуу. Кийинчерээк нааразылык акцияларына баалардын өсүшүнө нааразы болгон жарандар да кошулду.

Эң көп адам катышкан акция 17-октябрда өтүп, ага болжол менен 550 миң киши чогулган. Бул тууралуу @nomad_news_ru кабарлады.

Парижде мекемелер эшиктерин бекитип жатат

Париждеги дүкөндөр, кафелер жана банктар нааразылык акцияларынын алдында жабылып, витриналарын тактай менен бекитип жатышат. Мекеме ээлери погромдордон жана полиция менен кагылышуулардан кооптонууда.

Республика аянтына полиция күчтөрү тартылды. Ошол эле учурда окуучулар лицейлердин кире беришин таштанды бактары менен бөгөп жатышат.