Энергетика министрлиги келген жылуулук мезгилинде электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку учурларында, тактап айтканда, эртең менен жана кечинде кыска мөөнөттүү чектөөлөр болушу мүмкүн экенин эскертти.
Энергетика министринин биринчи орун басары Курсант Омурбековдун айтымында, жарандар бир убакта көп көлөмдө электр энергиясын колдонушканда кубаттуулуктун жетишсиздиги жаралып, жабдыктардын жүгү оорлошот. Ошондой эле, кээ бир электр линиялары жана подстанциялар 1960-1970-жылдардан бери иштеп келе жатканы үчүн авариялык жагдайлар болушу мүмкүн.
Бул сааттарда калк бир убакта көп электр энергиясын колдонот, кубаттуулуктун жетишсиздиги пайда болуп, жабдыктардын жүгү артат. Мындай учурларда биз, албетте, кыска мөөнөттүү чектөөлөргө кайрылабыз.
Министрлик тарабынан жылуулук сезонуна даярдык иштери алдын ала башталган. Адистер тармактардын ишин талдап, ашыкча жүктөлгөн участокторду аныктап, жабдыктарды оңдоо жана алмаштыруу иштерин жүргүзүштү. Мындан тышкары, жетишпеген электр энергиясын алуу үчүн кошуна мамлекеттер менен келишимдер түзүлгөн.
Эскирген тармактар жана реконструкциялоо иштери
Жакында болгон авариялардын себеби 1961-жылы иштеп баштаган электр берүү линиясынын үзүлүшү болгонун билдирди. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө мурунку кылымдын биринчи жарымында курулган гидроэлектростанциялар иштеп жатат. Мисалы, Лебединовка ГЭСин толук реконструкциялоо иштери башталган.
Министрлик ар бир авариялык өчүрүү учурун өзүнүн көзөмөл кызматы аркылуу изилдеп, алдын алуу чараларын иштеп чыгууну улантат.











