Улуу Британиянын белгилүү ырчысы Эми Уайнхаустун атасы Митч Уайнхаус сотто кызынын жакын дос кыздарына каршы жеңилип, аларга үстөк төлөмдөр менен кошо 1 миллион доллардан ашык каражатты төлөөгө милдеттендирилди.
Иштин негизинде кызы Эми Уайнхаустун достору анын колунда калган буюмдарын аукционго коюп, сатышкан. Митч Уайнхаус бул каражаттар өзүнө тиешелүү деп эсептеп, сот аркылуу кайтарып алгысы келген.
Бирок сот чечими менен Митч Уайнхаус бул талаптарын караманча четке кагып, дос кыздарына карата төлөмдөрдү өтөп берүүгө милдеттүү болду.







